03.12.2018 11:47

Өлкө түндүгүндө жарыкты өчүрүүлөр азаябы? «Түндүкэлектр» кошумча 50 көмөкчордон орнотту

Өлкө түндүгүндө жарыкты өчүрүүлөр азаябы?  «Түндүкэлектр» кошумча 50 көмөкчордон орнотту

Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулду. Бул туурасында «Түндүкэлектр» ААКысынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, «Түндүкэлектр» ишканасы трансформатордук көмөкчордондогу жүктү азайтуу максатында Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарына кошумча 50 трансформатордук көмөкчордон орнотту. Алсак: Бишкек шаарына – 3, Чүй облусуна - 31, Талас облусуна - 16.

Бишкек шаарында кошумча көмөкчордондор Элебесов/Васильев; Лущихин/Чайковский; ТоголокМолдо/Кудрук көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду. Батыш РЭСинин башкы инженери Каныбек Шаменовдун айтуусунда, көмөк чордондордун эскилиги жеткендиктен жана ашыкча жүктөм болгондуктан, бул аймакта өчүрүүлөр тез-тез болуп турган. Жаңы көмөкчордондорду орнотуу менен өчүрүүлөр азайып, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу сапаты жогорулайт.

Ушундай эле жумуштар Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка, Аламүдүн, Лебединовка, Көк-Жар жана Теңдик конушунда да орун алды. «Кошумча көмөкчордондорду кубаттуулугу аз болгон аймактарга орноттук. Анткени ал аймактын тургундары электр энергиянын чыңалуусунун аздыгына арызданып келишкен. Буюрса, кошумча көмөкчордон орнотуу менен бул конуштардын тургундарынын бардык маселелери чечилет деп ойлойм» – деп белгиледи Аламүдүн РЭСинин башкы инженери Кадырбек Темирканов.

Ал эми Талас облусу боюнча «Түндүкэлектр» ААКы кошумча16 көмөкчордонду орнотту. Алар: Талас шаарына -2; Талас районуна- 4; Бакай-Ата районуна- 3; Кара-Буура районуна-4; Манас районуна -3

Кошумча көмөкчордондорду  орнотуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынан, Бишкекбашкыархитектурадан, Чүй, Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринен, архитектура бөлүмдөрүнөн  уруксат алынып, атайын жер бөлүнүп берилгени айтылат.